www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.
Жолугушуу Баку шаарына болгон иш сапар алкагында уюштурулган. Анда Азербайжан менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кызматташуу багыттары, буга чейинки салттуу байланышты чыңдоо, маданий интеграциялык процесстерди жандандыруу, маданий алаканы жаңы баскычка көтөрүү маселеси тууралуу кенен сөз болгон.
«ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды — Шуша түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган.
Келерки жыл аралыгындагы иш-чараларды талкуулоо менен бирге жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий алакасын чыңдоого чоң салым кошууга негиз боло турган ири маданий долбоорлор тууралуу ой бөлүшүп, маданий-гуманитардык перспективаларды белгиледик.
2023-жылы Шуша жалпы түрк дүйнөсүндөгү өнөр адамдарына кучак жайып, кабыл алууга чоң даярдык көрүп жатат», - деди С.Раев.
Булак: NazarNews.kg