www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алымкадыр Бейшеналиев кыңыр иштери ачыкка чыга баштаганы үчүн жандалбастап ар кайсыны айтып жатат», - деди бүгүн, 19-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Төрөбай Колубаев.
- Төрөбай байке, акыркы күндөрү Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу терс пикирлер айтылууда. Анын олдоксон аракеттери, ылгабай сүйлөгөнү мамлекеттик жооптуу кызматтын кадыр-баркын кетирдиби?
- Алымкадыр Бейшеналиев алды артын карабай сүйлөп коё берген адам экен. Барынан кызыгы, тойго барып арак ичип алып, кайра суу ичтим деп актангандан да тажабайт экен. Сүрөткө түшүүдө да сактанбайт экен. Ошол сүрөттөрү коомчулукка тарап, азыр эл арасында ал тууралуу жаман-жакшы сөздөр айтылып жатат.
Негизи, Алымкадыр Бейшеналиевдин аракеттери министрлик кызматты аркалаганга туура келбейт. Министр деген оюна келгенди айтпай, кызматтык этиканы сакташы керек. Анткени, министрлер мамлекеттин жүзү. Ошон үчүн мунун балп эткен сөздөрү министрлик кызматтын кадырын кетирип, бийликтин ишин артка тартып, коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жатат.
Президент бу сапар мына ушундай кадрлардан арылып, тегерек чекесин тазалашы керек. Буларды тескебесе, мына ушулар эле элдин нааразычылыгын жаратып коюшу толук ыктымал.
- Бирок, Алымкадыр Бейшеналиев «мени подстава кылганы жатышат» деп жатат го?
- Ооба ошентип айтып, адатынча актанып, ал турсун коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылып жатат. Бирок, мен аны бирөөлөр «подстава» кылып, аны өлтүртүп коёт деп деле ойлобойм.
Анткени, анын кылган иштеринин баарын көрүп билип эле жатабыз. Ал бүгүн кырдаалга жараша бирди сүйлөйт. Эртең кайра башканы сүйлөйт. Алымкадыр Бейшеналиев кыңыр иштери ачыкка чыга баштаганы үчүн жандалбастап ар кайсыны айтып жатат.
Эгер ал айтканын аткарган, сөзүнө турган адам болсо, талапка жооп бербейт деген медициналык 17 окуу жайды жапмак. «Бирөөлөрдүн куйругун басып алыпмын» деп актанбайт болчу.
Кыскасы, анын айрым аракеттери окуу жайларды жабам деп шылтоолоп, акчасын алып, кайра иштей бергиле деп калтырып койгон шылуундарга эле окшоп калды. Кыскасы, бийлик Алымкадыр Бейшеналиевдин тизгинин тартышы керек.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы каржылык ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки жолу сурак бергенин айткан.
Ушул тапта ал Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын билдирген.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Анын өзүн алып жүрүүсү, журналисттерге берген интервьюсу коомчулукта тынбай сынга кабылып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага Башкы прокуратуранын сунушунан кийин апрель айында сөгүш жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg