www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сенатор Эд Марки башында турган делегация бүгүн Тайбэйге учуп келгенин Тайвандын ТИМи Twitter баракчасы аркылуу кабарлады. Ал жерде сүрөттөр да жайгаштырылган.

"Делегация аралга Инд-Тынч океан регионуна жасалган сапардын алкагында келди", — деп айтылат маалыматта.

Конгрессмендер жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугуп, АКШ менен Тайвандын мамилесин, аймактык коопсуздук, соода жана инвестиция, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерди талкуулай турганы айтылды.

Буга чейин Кытайдын Элдик-боштондук армиясы аралдын аймагына жакын 11 аскер учагы менен алты кеме жөнөткөнү кабарланган. Тайвань буга жооп иретинде аба кайгуулун уюштуруп, зениттик ракеталык комплекстерин даярдаган.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы «Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен» жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси келип кеткенден кийин оорлошуп кетти. Бул жогорку даражалуу америкалык саясатчынын акыркы 25 жылда аралга жасаган биринчи сапары болуп калды. КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин "келип от менен ойнобошу керектигин" эскерткенине карабастан мындай кадамга барган АКШ "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын айтып келет.

Кытай Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, дипломатиялык алакасы бар мамлекеттердин Тайбэй менен кандайдыр бир алака түзүүсүнө каршы. Америкалык чиновниктин сапарына жооп кылып Пекин 4-августта ок атуу менен коштолуп, аскер техникасы тартылган масштабуу машыгуусун баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости