www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Кең-Булуң автожол" өткөрүү бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматы 50гө жакын машине турганын, аларда жүк жоктугун 14-августта "Азаттыкка" маалымдады. Өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышынын негизги себеби катары туристтик сезонго байланыштуу жүргүнчү ташуу жана сезондук азыктарды ташуу көбөйгөнү айтылууда.

Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жоктугун, абал туруктуу экенин билдирди.

Кыргыз-казак чегинде "Ак жол", "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттери бар.

Чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны буга чейин да бир канча жолу катталып, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости