www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернеттеги социалдык байланыш тармак булактарында, 74 жаштагы Ташбулат Арыппаев жарандарга процентке карыз акча берип, төлөө мөөнөтү келгенге чейин эле мүлкүн өзүнө каттатып алып, бербей жүргөнү боюнча маалымат чыккан.

Ал, 1990-жылдардан бери элге пайызы менен акча берип, сүткорлук менен алектенип келген. Андан жапа чеккендердин маалыматы боюнча, насыя сурап кайрылгандардын калтырган күрөөсүн аргасыз өзүнө каттап алууга жеткирип, кийин бербей койгон учурлар катталган.

Алардын бири, Ташбулат Арыппаев менен мурда тааныш болуп жүргөн эле Марат Аскеров. Бишкектин борборунда жайгашкан үйүн күрөөгө калтырып, төлөө мөөнөтү келгенде акчасын кайтарууга келген учурда, Арыппаев үйдү бербей койгон.

Жабырлануучу бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылып, бирок иш каралбай жатып, акырында сотко чейин эле кыскартылып кеткен. Жетиштүү териштирүү болбой жатканына нааразы болгон Аскеровдун жактоочусу учурда Бишкек шаардык прокуратурасына даттанды.

Алардын айтымында, Арыппаевдин тийешелүү органдарда таасирдүү тааныштары көп. “Ал, мыйзамсыз иштерин тааныштары аркылуу жаап-жашырып келет. Эч кандай салык дагы төлөгөн эмес. 2013-жылдан тартып, 2021-жылга чейинки аралыкта текшерүүгө алса, ал өзүнүн жана жубайы Ирина Арыппаеванын атына көп мүлктөрдү каттаган”-дейт жабырлануучунун жактоочусу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости