www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо быйыл 78 жашка чыкмак.

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Чаек айылында орус орто мектепте окуган. 16 жашында алгачкы жолу «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. 

Атактуу кино жана театр артисти Таттыбүбү Турсунбаева, 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза болуп, сахнада 15 жылдык эмгеги аркасында 30 башкы роль жаратып, 10 кино тасма менен унутулгус элес калтырган.

Турсунбаева Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон.

Таттыбүбү Турсунбаеванын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. “Ак Мөөр” фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар “Соң-Көл чүрөгү” деп аташкан.

Последние новости