www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткенден Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерин кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга ооган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобуна катышы бар.

Кармалгандардын бирөөсү Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын ИИМнин кызматкери болот.

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңги тобунун бардык мүчөлөрү кармалды.

Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу — Тажикстандын 1960-жылы туулган жараны О.А., анын шериги — Тажикстандын 1982-жылы туулган жараны И.М. жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкери — милициянын улук сержанты кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Операциянын жүрүшүндө 11 кг 299 грамм апийим, 21 кг 942 грамм гашиш табылган. Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости