www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Измир шаарындагы төрт мекендешин өлтүргөн шектүү кылмышка кызганыч себеп болгонун айткан. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кылмышка шектүү түркмөн мигранты С.Х.ны 19-июнда Измир шаарынан 80 чакырым алыстыктагы Чешме шаарынан кармаган. Кармалган жарандын жанынан кылмышка тиешелүү болгон бычак табылган. Ал кылмышка барганын мойнуна алып, бул кадамга баруусуна кызганыч себеп болгонун айткан. Шектүүгө карата Измир прокуратурасы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси боюнча ишин козгоп, камакка алган.

Эске салсак, 18-июнда Измир шаарындагы батирлердин биринен түркмөнстандык төрт мигранттын жансыз денеси муздаткычтан табылган. Алар, апасы Гүлкамар Ханымова, кыздары 28 жаштагы Лачин менен 30 жаштагы Лейла Гелдияровалар жана Лейланын жигити Руслан Керимов болгон. Үй-бүлө Түркияга 2019-жылы көчүп келишкен. Шектүү алар менен чогуу жашаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости