www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик камитет минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташууну токтотту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 17-майында УКМКнын кызматкерлери тарабынан У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган.

«Жогоруда аталган жүк ташуучу унааны тинтүү учурунда «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн, тагырагы ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган.

Ошол эле учурда бул мүшөктөрдүн астында, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) да табылган. Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы аныкталып, 780 миң сомду түзгөн», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш ишке катталган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 Булак: NazarNews.kg 

Последние новости