www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатабы?

Парламенттик кайра шайлоодо Бишкектен вулкандай атырылып чыккан «Ак асаба» партиясынын лидери Акеров бир топ дымактуулардын жүрөгүнүн сары суусун алды. Ошол округдан депутат болгон Элвира Сурабалдиева атасы Жыргалбек Сурабалдиев кашыктап чогулткан акчасын чөмүчтөп ар кимге чачып атып, араң жан, өлбө жаным өлбө депутат болуп келген. Акча чачпай түз жүрөккө сайып айткан сөзү менен көпчүлүктүн жүрөгүн титиреткен Акеровдун «акыры» да, «куржуну» да ак сөздөргө толгон. Эми болсо АКШ эмне үчүн Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканы тууралуу белгилүү тарыхчы, илимпоз Табылды Акеров «Жаңы Ордо» гезитинде «Алымкадыр Бейшеналиев камалса, президенттин аброюунун өсүшүн шарттайт» -деген макаласында көрсөтөт.

Бул макаласында эмне үчүн АКШ биздин бизнесмендерди «Магнитскийдин тизмесине» киргизип жатканын себебин баса көрсөтүптүр. Табылды мырзанын пикири боюнча АКШ Раимбек Матраимовду өзүнө тартууга аракет кылганынан майнап чыкпагандыктан, аны «Магнитскийдин тизмесине» киргизип өз маалыматтары менен төпө-төпкө алган. Дүйнөлүк саясатта эки анжы пикирде колдонууга болбойт, ошондуктан орусиячыл позициядан жанбаган саясатчы АКШны ээрчибегени бир чети туура.

Өткөн 2021-жылы 20-февралда  талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров Матраимов камалганда жазгандарына кайрылалы:  

- Табылды агай, Райымбек Матраимовду өткөндө 2 млрд. сом төктүрүшкөн. Неге бул сапар камакка алды?

- Жаңы бийлик экономикалык амнистия жарыялаганда бир топ мурдагы мамчиновниктер, бизнесмендер өзүлөрүнө кылмыш иши ачылбасын деп өкмөт менен келишимге келишип, миллиондогон акчаларды төлөп беришкен. Бири 5 миллион, бири 20 миллион төлөгөн. Раимбек Матраимов да 2 миллирад сом төлөгөн. Райымбек Матраимов менен акчасын төгөөрү менен, анын кылмыш иши жабылышы керек болчу. Бирок, эмнегедир ал кылмыш иши жабылышы кечиктирилип калган экен. Жакында ошол кылмыш иши сотто каралып, анда Р.Матрамиов 2 миллиард сом төлөп, өкмөт менен келишимге келгенин эске алуу менен, сот 260 мин сом айып пул төлөтүп, ишти жапкан. Бирок, граждандык сектор бул чечимди жеңил болуп калды деп, аны менен макул эместигин билдирип, митинг уюштурушту. Ошол үчүн  бийлик Райымбек Матраимовго Саймаити менен болгон байланыштары боюнча кылмыш ишин ачып, тергөөгө чакырып, эки күнгө камакка алды. Башкача айтканда, коомчулуктун кысымына байланыштуу кайрадан кармоого аргасыз болду десем болот.

- Кыргызстанда Райымбек Матраимовчолук бай адам же мамлекетке анчалык зыян келтирген адам жокпу?

- Кыргызстанда Раимбек Матраимовдой же андан да бай адамдар толтура эле. Бирок, алардын көбү тынч коррупциялык негизде эле жыргап жашап жатышат. Алыс барбай эле талашы бүтпөгөн Кумтөр маселесинде, "Жер үй" проектилерин атасак болот. Өзгөчө "Жер үй" ит бекер чет өлкөлүк бизнесмендерге өтүп кеткен. Кыргызстандын үлүшү да жок. Башкача айтканда, бул ишти аткаргандар А.Акаевдин тушундагы чиновниктерден да ашып түшүшкөн. Дүйнөгө аты таанымал "Жер үй" проектисинде Кыргызстандын үлүшү жок деген эмне. Бирок, бул маселе эч кимди кызыктырбайт. Себеби, алар өз бизнестерин жүргүзүп, элдин байлыгын, ырыскысын коррупциялык негизде ээлеп алып, пайдаланып жатышат. Анда-мында сөөк ыргыткандай, жашыл акча ыргытып, каршы чыккандарды тынчытып коюп, жыргап байып жатышат. Ким аларга бир нерсе деп жатат. Эч ким. Бирок, Райымбек Матраимов өткөн парламенттик шайлоодо саясатка аралашып, өзүнө таандык “Мекеним Кыргызстан” партиясын парламентке алып кирип коюшу, көпчүлүк саясатчыларды уктатпай калды. Себеби, Р.Матраимов саясатка келсе, ал өзүнүн партиясын парламентке алып кирип, парламенттик партияга айландырышы толук мүмкүн болуп жатат. Башкача айтканда, саясий процесстерге таасир берүүчү саясатчыга айланаары анык болуп калды. Ошол үчүн ал  АКШда “Магнитский тизмесине” киргизилип, өзгөчө ага батышчыл саясатчылар  каршы чыгып жатышат.

- Анда Р.Матраимовдун камалуусу Бишкек жана Ош шаарларына болуучу шайлоолорго байланыштуу болуп жаткан турбайбы? Саясий негизи бар экен да?

- Ооба. Кандайдыр бир денгээлде ошондой. Батышчыл күчтөр Р.Матраимовду алсыздандырып салалы деп жатышат көрүнөт.

- Бирок, Райымбек Матраимов 2 миллиард сом төлөп берип, мамлекет менен келишимге келбеди беле. Бийлик аны эмне үчүн эсепке албай жатат? Бийлик Р. Матраимов 2 миллиард төлөп берди деп койсо болмок да? Эмнеге анткен жок?

- Ооба, бийлик Р.Матраимов өкмөт менен келишимге келип 2 миллиард сом төлөп берген деп тушундурсо болмок. Бирок, анте алган жок. Себеби, оппозиция аны укпай, митингдерди уланта бериши  мүмкүн эле.

- А эгер улантышсачы?

- Улантышаары да мүмкүн. Ошого алар оппозиция да, алды да шайлоолор келе жатат.

- Жаңы бийлик Р.Матраимовдон дагы каражат өндүрүү максатында камап жатабы же андан кооптонуп камоого аргасыз болдубу?

- Бул жерде коомдук пикир маанилүү болуп жатат. Коомдук пикир эске алынды.

- Кечээ УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев “эртеңден баштап, чоң чиновниктер камалат” деди. Дагы кимдер камалышы мүмкүн? Кезекте ким?

- Ташиев айтса да, айтпаса да, камоолор уланат. Алдыда шайлоолор келе жатат. Батышчыл партиялар өзүлөрүн элге жакын кылуу үчүн бийликке басымын токтотпойт. Бийлик камоолорду күчөтөт Б.а. чын эле көп болушу мүмкүн. Себеби, "кустурация" карапайым элге жагат. Канчалык көп "кустурация" болсо, ошончолук элдин бугу чыгып, нукура элдик бийлик орноду деп алаксый берет. Бирок, "кустурациянын" да чеги болот. Ошол чекке жеткенде, "кустурация" иштебей калат. Мисалы, Атамбаев да көп саясатчыларды камады. Коомчулук дээрлик көпчүлүгүн жөн эле жалган шылтоо менен камап жатканын билди. Бирок, унчуккан жок. Кийин өзү бийликтен кеткенде баары өз башына түшкөндө, аны коргоп эч ким чыкпай койду. Себебин билишет да, өзү да көп адамдарды камаган. С.Жээнбековдун учурунда да саясатчылар камалды. Бирок, кобу негиздүү камалды. Шайлоолорго жакын калганда камоо лимити түгөнүп калган эле. Ошол үчүн акыркы камоо Курсан Асанов менен аяктады. Менимче, К.Асановду камоо артыкча болуп калды. Негизи камоо бул оңой–олтоң иш эмес. Саясатта бумеранг деген болот. Ошондуктан бийликтегилер бардык ишти  кылдаттык менен жасашы  керек. Менимче, бийлик батыш менен тыгыз байланышка чыгышы керек. Ошондо гана камоолор басаңдашы мүмкүн.

(Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости