www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов орусиялык «Комсомольская правда» басылмасында жарыяланган макала боюнча комментарий берди.

Кыргызстандын саясий элитасында «Орусия менен мамилени кайра карап чыгууну, Орусия менен альянстан баш тартууну жана Батыш өлкөлөрү менен жакындашууну жактаган таасирдүү аткаминерлер тобу пайда болгондугу» тууралуу үзүндү боюнча.

«Конституцияга ылайык, тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо бир гана президенттин ыйгарым укуктарына кирет жана аны ишке ашырууга өлкөнүн тышкы саясат бөлүмү түздөн-түз катышат», - деди ал.

Сүйөркулов ошондой эле Кыргызстан «Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык курсун, эки тараптуу форматта жана жалпы интеграциялык бирикмелерибиздин алкагында жетишилген макулдашууларды, милдеттенмелерди жана жетишилген макулдашууларды сактоону бекем кармана турганын» кошумчалады.

«Ошондой эле Кыргызстан прагматикалык, тең салмактуу, ачык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын жана батыш өнөктөштөрү менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнү уланта турганын баса белгилегим келет», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин «Комсомольская правда» Кыргызстан тууралуу материал жарыялап ал түздөн-түз УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылган. «Комсомольская правдада» басылмасына чыккан макала кийинчерээек өчүрүлгөн.

 Булак: NazarNews.kg 

Последние новости