www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалдагы алтын чыгарган компаниядан мыйзамсыз алтын чыгарып, саткан деген айып менен мамлекеттик төрт кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган компаниядан мыйзамсыз алынган 1,5 килограмм алтынды чыгарып кетүүгө аракет кылган ишкананын жетекчиси кармалган. Ал коррупциялык схемага шектелген. Тагыраагы, алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен кылмыштуу келишим түзгөн.

Аталган иш боюнча дагы мамлекеттик төрт кызматкер колго түшүрүлдү. Алар:

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.К.;

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Н.Ж.;

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.А.К.;

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын Б.З.Ж. аттуу башкы инспектору.

Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы тергөө камак жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости