www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн белгилүү болгондой, энергетика министрине каршы 2 кылмыш иши ачылыптыр, ал – мамлекеттик жана жеке кызыкчылыкка зыян тийгизген деп айыпталууда. Бирок маселе айтылган ушул 2 фактта гана эмес, маселе алда канча терең. Энергетика тармагы башынан аягына чейин коррупциялашканын баарыбыз битлебиз, бирок прокуратура дагы аны менен чындап күрөшө алаары өтө күмөн.

Саламаттык сактоо министрине каршы дагы 7 кылмыш иши козголгон, борок алардын бири эле кыскартылганда, министр жаңы жогорку кызматка дайындалып, оюндан чыгып кетти. Калган иштер аягына чыгарылбай кала тургандай, прокуратура болсо кимге каршы канча кылмыш ишин ачса дагы, эч ким жазаланбай жатканын да баарыбыз көрүп турабыз.

Румыниянын жаш генпрокурору Лаура Кёвеши кезинде 4 жылдын ичинде 890 коррупционерди соттоткон, алардын ичинде бир экс-премьер, эки мурдагы спикер жана анын өзүн баш прокурор кылып дайындаган мурдагы өлкө президентинин бир тууганы болгон. Кёвеши оюн ойногон эмес жана азыр – Евросоюздун баш прокурору.

Последние новости