www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөгө аткезчилик жолу менен дары-дармек ташып келген жаран кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын К.К. аттуу жараны транспорттук кароодон өткөрүү линиясында “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Ал башкарган “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган.

УКМК учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Былтыр күзүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы мафияга мамлекеттик кызматта иштегендер дагы аралашып кеткенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости