www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын "Внуково" аэропортунда бажы кызматкерлери жүргүнчүнүн ич кийиминен 60тан ашык бриллиант табышкан. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инспекторлор Москвага Бириккен Араб Эмираттарынан келген Өзбекстандын 39 жаштагы жаранын “жашыл коридордон” текшеришкен. Алгач анын багажынан 13 куту Apple, Samsung жана Sony товарлары, ошондой эле асыл таштардын аныктыгын тастыктаган 40 сертификат табылган.

"Көзөмөлдөн жашырылган товарларды өз ыктыяры менен берүү сунушуна ал адам менде жок деп жооп берген. Бирок, жаранды жеке текшерүүнүн натыйжасында бажы кызматкери анын ич кийиминен 62 бриллиант табылган. Зер буюмдар скотч менен оролгон үч желим баштыкка салынган", - деп айтылат маалыматта. 

Кармалган адамдын айтымында, ал БАЭнин ири авиакомпанияларынын биринин кызматкери, Москвага туугандарына учуп келген, бриллианттарды аларга белек катары алып келген. Федералдык бажы кызматы бриллианттын баасы 5 миллион рублдан ашык бааланарын айтууда.

Экспертиза тастыктагандай, бардык асыл таштар бриллиант.

Стратегиялык маанилүү товарларды жана ресурстарды аткезчилик жолу менен алып өтүү (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 226.1-беренесинин 1-бөлүгү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул берененин санкциясында 7 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

"Экспертиза электрондук шаймандарды жеке колдонуу үчүн эмес, жаңы товар деп тааныса соттолуучу бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкандыгы үчүн жазага (Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренеси) тартылат", - деп билдирет Федералдык бажы кызматы. 

"Учурда соттун чечими менен Өзбекстандын жаранына карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды", - деп кошумчаланат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости