www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун ИИБнын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте, Ысык-Көлдө жана дарыяларда чабактарды көлгө кое берүү иштерин жүргүзүштү.

Маалыматка ылайык, дарыяларга кое берилген Ысык-Көл форель балыктарынын саны 470 миң даананы түздү жана көлгө сига-лудога чабактары 7 миллион 100 миң даана чыгарылды. Максаты-көлдүн суу бассейниндеги балык ресурстарын толуктоо. Чабактар жаңы жашаган жерине желим баштыктарда көчүрүлдү.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлгө жыл сайын миллиондогон, анын ичинде Кызыл китепке кирген чабактар кое берилип, балыктын табигый көбөйүшү жетишсиз болгондуктан, популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү экендиги маалым жана зарыл. Быйыл чабактар Түп жана Тоң райондорунун жээктерине кое берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости