www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биз казинолорду жаап койгондон кийин коңшу мамлекетте казинолор гүлдөгөн, Кыргызстан миллиондогон салыктан куруу калган», - деди бүгүн, 5-апрелде NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.
- Токон Болотбекович, өкмөт казинолорду иштетүү зарылдыгын айта баштады. Бирок, коомчулукта таптакыр иштебесин деген ойлор басымдуу болууда. Казинолор иштеши керекпи же иштебей эле койгону оңбу?
- 2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин бир топ эл курчоого алып, казинолорду жаптырып койгон. 10 жылдан кийин кайра бул маселе Өкмөт тарабынан көтөрүлүүдө. 10 жыл мурун Парламент жана Өкмөт аркандай аргументтерди айтканына болбой, коомчулук жаптырган. Ошондо такталбаган маалымат тараган-элди дүрбөтүп Парламент менен Өкмөткө каршы чыгарган коңшу бир мамлекеттин олигархтары болгон деген.
Чын эле биз казинолорду жаап койгондон кийин коңшу мамлекетте казинолор гүлдөп жайнаган. Коңшу мамлекетке акчалар ооп кетип, Кыргызстан миллиондогон салыктан куруу калган.
- Чек ара маселесин да жакшы билген адиссиз. Азыркы бийликтин чек ара боюнча аракеттерине кандай баа бересиз?
- Чек ара маселеси боюнча азырынча сүйлөшүүлөр жумушчу топтор деңгээлинде уланууда. Жыйынтык чыгарууга эрте.
Булак: NazarNews.kg