www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов видеобайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мектептин ачылышы – эки эл ортосундагы чоң достуктун символу.

«Эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилелерибиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Өзбекстан Республикасынын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө чектеш кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз. Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берет деп белгиледи жана Кыргыз Республикасына тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Белгилесек, мектепти куруу жөнүндө макулдашуу Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке демилгеси боюнча 2021-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 млн АКШ долларын түзүп, ал Өзбекстан Республикасы тарабынан бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости