www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районундагы бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Тоң райондук прокуратурасы тарабынан 2005-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн ДөңТалаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге ошол эле айылдын тургуну К.С. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылганы аныкталган.

Социалдык объектти мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, ал арыз толук канааттандырылган. Жыйынтыгында баасы 3 млн 670 миң сомдук бала бакчан мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости