www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн жана тарапташтарын баш тарттыруу боюнча иш алып барууда.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 2017-жылы “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мыйзамсыз иштерине катышып, активдүү экстремисттик жашыруун кызматкерлери менен байланышта болгон, 1994-жылы туулган КР жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.у.Б., радикалдык көз караштан баш тартты.
Т.у.Б., жашаган жери боюнча процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун адабияттары табылган.
Т.у.Б., өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргызстандын жарандарын “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.
Булак: NazarNews.kg