www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыда жаштарды көптөгөн так, конкреттүү иштер күтүп турат. Мындай келечекке багытты Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Эгемендүүлүк сарайында өткөн жаштар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балдын катышуучуларына кайрылуусунда айтты. Бул тууралуу БЕЛТА агенттигинин кабарчысы билдирди.

«Көп нерсе айтылды — Бүткүл беларусь элдик жыйынында да, башка иш-чараларда да: жыл, беш жылдык тууралуу. Ал эми бүгүнкү учурга келсек — бул конкреттүү иштердин учуру. Силер жакшы иш жасап жатасыңар. Жакшы окуп жатасыңар. Силер — ийгиликтүү адамдарсыңар. Бул келечек үчүн бекем пайдубал. Бирок алдыда силерди дагы көптөгөн иштер күтүп турат, кайрадан айтам, бул иштердин баарын өз убагында аткарыш керек. Бул жөн гана менин кеңешим», — деди мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле: «Анткени жаңы түйшүктөр, жаңы иштер пайда болот, ал эми эскилер аткарылбай калат. Ошондо мунун баары үстү-үстүнө жыйналып, оор жүк болуп, баарыңарга мурас катары калат. Ошондуктан бардык ишти өз убагында аткаргыла», — деп кошумчалады президент.

Александр Лукашенко студенттик жылдар көпчүлүк үчүн татаал жана оор мезгил экенин, анткени дал ушул убакта бүтүндөй өмүргө жол салынарын белгиледи.

«Ошондуктан ишти сөз менен эмес, конкреттүү иштер менен жараткыла», — деп чакырды Беларусь лидери.

 Ал бул балдын катышуучулары үчүн иш-чара жаркын майрам гана эмес, ошондой эле жаңы досторду же болочок өмүрлүк жарын таба турган жай болушун каалады.

«Силер — таланттуу, акылдуу жаштар — ушул жерден өзүңөрдөй эле таланттуу жана акылдуу досторду табышыңарды абдан каалайм. Эгер мүмкүн болсо, өмүр бою бирге боло турган досторду. Мен буга кубанам. Бүгүн силерге жакшы маанай, ийгилик каалайм. Бийлегиле, сүйгүлө, жылмайгыла!» — деди ал.

Балдын өткөрүлүшү тууралуу сөз кылып жатып, Александр Лукашенко мындай иш-чараларды өткөрүү салты өз учурунда калыптанганын эске салды. Анын айтымында, салт-санаалардын болушу — эгемендүү жана көз карандысыз мамлекеттин белгиси болуп саналат.

Президенттин айтымында, Беларусиядагы салтка айланган Жаңы жылдык бал өз деңгээли менен белгилүү Вена балдарынан да ашып түштү.

«Жыл аягында ар дайым жыйынтык чыгарабыз. Бул жерде да ошондой. Бул жерге туш келди адамдар келген жок. Ар бир майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулуп уюштурулган, – деп белгиледи Беларусь президенти.

– Бул жерде окууда, илимде, маданиятта жана спортто ийгиликке жеткен жаштар чогулган. Албетте, эң сулуулар да ушул жерде» - деп кошумчалады президент.

 Анын айтымында, бир гана маселе талкуу болгон — азыркы маданият министри Руслан Чернецкийди балда кайрадан бий устаты (танцмейстер) кылып дайындайлыбы же жокпу деген суроо. “Бирок ал бул иштин мыкты адиси, баарын мыкты билген профессионал болгондуктан, мен макул болдум. Маданият министри мурдагыдай эле, министр боло электеги сыяктуу, бул кооз балды мындан ары да алып барып, уюштура берсин”, — деди Александр Лукашенко.

Теги

Беларусь Лукашенко

Последние новости