www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония 11-январдан 14-февралга чейин Токиодон болжол менен 1900 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Минамитори аралынын жанындагы терең деңиз түбүнөн сейрек кездешүүчү элементтерге бай илди эксперименталдык негизде казып алууну баштайт. Бул тууралуу өкмөт колдогон долбоордун жетекчиси билдирди.

Бул операция дүйнөдө биринчи жолу деңиздин болжол менен 6 миң метр тереңдигинен сейрек элементтерге бай илди үзгүлтүксүз түрдө кемеге көтөрүп чыгуу аракети болуп саналат.

Долбоордун алкагында күнүнө 350 тонна илди көтөрүп чыгара ала турган системанын мүмкүнчүлүгү текшерилет. Ошондой эле операциянын жүрүшүндө деңиз экологиясына тийгизген таасири тыкыр көзөмөлдөнөт.

Эгер сыноо ийгиликтүү өтсө, 2027-жылдын февраль айында толук масштабдуу казып алуу иштери башталышы мүмкүн. Бул долбоорго 2018-жылдан бери болжол менен 40 миллиард иена каражат жумшалган. Бул тууралуу arabnews жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, ил деп деңиздин же океандын түбүндө миңдеген жылдар бою топтолуп калган майда ылай-чопо катмарын айтышат. Дал ушул ылайдын курамында өнөр жай үчүн өтө маанилүү болгон сейрек кездешүүчү жер элементтери (редкоземель элементтери) болот.

Последние новости