www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримчөйрөдө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадырбек Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-майда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү: А.У.Т., М.у.М. жана Т.Ж.А. Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан эл аралык баңгизат каналына катыштыгы бар делип камакка алынган.

Алар — Ош облусунун тургундары, Тажикстан—Кыргызстан—Өзбекстан каттамы боюнча баңгизат каналын түзүшкөн деп шектелүүдө. УКМК кызматкерлери шектүүлөрдү «Азия-Ойл» май куюучу жайынан кармашкан.

Алардын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасынан 1 кг 980 грамм баңгизат (болжол менен гашиш) табылган. Учурда кармалган жарандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости