www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчилик: Москвада кран кулап, кыргыз жараны каза болду

Москва шаарында кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөтүлдү.

Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги Орусиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда. Окуя элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости