www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ээн аралдан бейиш жараткан адам
1962-жылы англиялык журналист Брендон Гримшоу кадимки эле гезитти карап отуруп, тагдырын түп-тамырынан өзгөрткөн жарыяга көзү түшөт. Анда ал гезиттен, “Сейшел аралдарында ээн тропикалык арал сатылат” деген 8 миң долларга бааланган аралды, 13 миң долларга сатып алат.

Анда ал 40 жашка чыгып, жергиликтүү гезитте редактор катары туруктуу иши, коомдо орду бар болчу. Бирок жан дүйнөсүндө боштук, чарчоо, бир өңчөй жашоодон тажоо күч алган эле. Натыйжада, узак ойлонбой, бардык топтогон акчасына Муайен аттуу ээн аралды сатып алып, цивилизацияны артка калтырып, Инд океанына жөнөп кетет.
Жапайы жаратылыш менен жалгыз күрөш
Муайен – 70 жыл бою эч ким жашабаган, токой баскан, жолсуз, жарыксыз арал болчу. Алгачкы күндөрү Гримшоу пальма жалбырагынан алачык куруп, жамгыр суусун чогултуп, балык уулап жан сактайт. Жалгыздык, оор эмгек, коркунучтуу жаратылыш аны сыноодон өткөрөт.

Бирок ал артка кайткан жок. Табияттын тилин үйрөндү. Сабырды, чыдамкайлыкты өздөштүрдү. Кийинчерээк ага Сейшелдик балыкчы Рене Ла Фортуна жардамчы болуп кошулуп, экөө бирге аралды өзгөртө башташты.

Гримшоу аралды жөн гана жашоого ылайыкташтырбастан, жаратылышты калыбына келтирүүнү максат кылды. Ал 40 жыл ичинде алар 16 миңден ашуун дарак отургузуп, жоголуп бараткан өсүмдүктөрдү, куштарды, ташбакаларды кайра алып келди.
Муайен акырындык менен жанданды. Куштардын миңдеген түрү, жүздөгөн жыл жашаган гигант ташбакалар бул аралды мекен кылды. Бир кезде кароосуз ээн ташталган жер экологиялык бейишке айланды.

Акча эмес, принцип
Карыган чагында ага арал үчүн 50 миллион доллар сунуш кылышкан. Бирок Гримшоу баш тарткан. Өз сөзүндө ал: “Бул жер байлардын оюнчугу болбошу керек. Элге, табиятка таандык болушу керек”, - деп акчага кызыккан эмес. Натыйжада Муайен Сейшелдин улуттук паркы деп жарыяланып, мамлекеттик коргоого алынган.
Жашоонун жөнөкөй философиясы
Брендон Гримшоу 50 жылын аралда өткөрүп, 90 жашында ошол жерден дүйнө салды. Аны өзү отургузган дарактардын алдында жерге беришти. Ал ээн аралда жалгыз жашап: “Мен Лондондо жашап жүргөндө гана өзүмдү жалгыз сездим. Бул жерде болсо эч качан жалгызсыраган жокмун”, - деп айтчу. Бул Брендон Гримшоунун жашоо образы – эркиндикти тандап алуу, жаратылыш менен жарашып жашоо, бир адам да дүйнөнү өзгөртө аларын далилдөө боюнча үлгү болчу мисал.

Муайен аралы бүгүн да жашап турат. Ал акчага эмес, эмгекти, эркиндикти сүйүүгө негизделген жашоонун жандуу далили.