www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-январда COMEX биржасында алтындын бир трой унциясынын (болжол менен 31 грамм) баасы тарыхта биринчи жолу 4600 доллардан ашып, 4612 долларга чейин көтөрүлдү.

Биржа маалыматы боюнча: алтындын баасы +1,5%га, күмүштүн баасы +5,87%га, платинанын баасы +4,12%га, UGLDнин баасы +2,81%га, Polyusтун баасы +1,13%га жогорулады.

Баанын өсүшүнө АКШда Федералдык резерв системасынын төрагасы Жером Пауэллге карата кылмыш ишинин козголушу, Ирандагы нааразычылык акциялары жана жалпы геосаясий туруксуздук, ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын Иран жана Гренландия боюнча билдирүүлөрү таасир эткен.

Орусиянын Финансы министрлигинин божомолунда алтындын баасы кыска мөөнөттө туруксуз бойдон калганы менен, узак мөөнөттүү келечекте жаңы рекорддорго жетип, 5000 доллардан да ашып кетиши мүмкүн экени айтылат.

2025-жылы алтындын баасы 64,4%га, ал эми күмүштүн баасы 141,4%га жогорулаганы белгиленет. Бул өсүш пайыздык чендердин төмөндөшү, геосаясий чыңалуу жана АКШ долларына болгон ишенимдин алсырашына байланыштуу болду. Күмүш рыногундагы тартыштык да анын баасынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

Эске сала кетсек, Борбордук банк бүгүн, 12-январда алтын куймаларынын сатуу жана сатып алуу бааларын жарыялады. Өзбекстанда 5 граммдык алтын куймасы биринчи жолу 9 миллион 10 миң сумга жеткени кабарланды.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын Борбордук банкынын эл аралык резервдеринин жалпы көлөмү 66,31 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч мурунку айга салыштырмалуу 5,08 миллиард долларга же 8,3%га көбөйгөн. Ошондой эле 2025-жылдын башынан бери резервдер 61%га өскөнү белгиленет.

Мухаммад Ходиев, Ташкен

Последние новости