www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарындагы алгачкы беттешинде жеңишке жетти.

Ал 57 кг чейинки салмак ченинде 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рей менен беттешти. Үчүнчү раундда кубалык спортчу жаракат алып, беттешти токтотууга туура келди. Судьялар 3:2 эсебинде жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда америкалык Жамал Харви менен беттешет. Мелдеш 3-августтан 4-августка караган түнү өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости