www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттер дагы эки айга камакта калтырылды

Камактагы журналисттер 8-октябрга чейин СИЗОдо калышты. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Болот Темиров билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун судьясы бүгүн Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбековго («Айт Айт Десе» акыны) жана Актилек Капаровго («Алга Медиа») карата баш коргоо чарасын узартуу чечимин кабыл алган.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Последние новости