www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого кандай жол таап, депутат болсом дегендердин уйкусу качып, түмөн түйшүк тартууда… Арасында өзүн – өзүн күзгүдөн карап ыраазы болгондор көп!... Эл араласаң өз күчүнө гана ишенгендердин саны арбып, советтик жашоо образы унутулуп, жаш-кары дебей эртең ачка калбоонун камын жеп жүрүшөт. Баягыдай колунда барларга жата калып жагалданмай жоголуп, «Чоңдугуңа чокойум»-дун мааниси өзгөргөндөй…

Элибиздин уучу кур эмес, арабызда кыргызга татыктуу кызмат кылчу уул-кыздарыбыз бар, эми ошолорду элибиз электен өткөрүп, багын байлабай жолун ачып бере алсак экен… Арасында эл ырыскысын кекиртегине чейин жегендер бар, болбой эле дагы бир нерсе болуп кетээр бекен?-дегендердин түн уйкусу бузулуп… деги алар эмнени ойлоп жатышат? Эл тагдыры эмне эмне оюнчукпу? Аттарын атап, шек кылбай эле койоун, ойлонгулачы. Кыргыз азыр башка, нечендеген азап-тозокту, көптү башынан өткөрдү. Канча кыйынчылык болсун, КЫРГЫЗ жеңет, депутат болом дегендер өз элиңерге кылган жакшылыгыңар болсун, күлүктү тандап жол береличи. Акыры КЫРГЫЗ ЭЛИ бактылуу жашоого татыктуу го?... Жер кезип тентибей, кул болуп талаада сөөгү калбай, өз эл жеринде тукумун уласын! Күзгүдөн өзүңдү дагы бир карап көрчү боорум. Эшикте тоо, таш көркүнө келип, жаратылыш баарыбызды кучагына эркелетип турат. Бейпилдик, тынчтык жашоонун ырыскысы эмеспи…Колуна алма көтөргөн неберелер, гүл сугарып, бакчаңды гүлдөткөн жарыңардын жаркын маанайда жүргөнү ыракат эмесмпи! Эл да өздөрү кимдин-ким экенин ылгап калды.

Келгиле биригип, ойлонуп, толгонуп жол бербейлиби чыныгы күлүккө! Канчалаган көчтөр кетти, канчалаган суулар акты, кыргыздын кең пейилдигинен көп нерселер унутулуп барат. Бирок тарых барактарында калып жатпайбы! "Чапкан сайын көз чыкпаса"-экен деген аруу тилекти бел кылып, “жети өлчөп, бир кессек" - деген ой менин дайыма жан дүйнөмдү эзип келет! Байлык- бийлигиң бир тыйын экенин, дүйнө элине келген “апаат” бир заматта көргөздү го...

Эсибизге келели Кыргызым! Дегеле адам баласынын табыяты кызык экен да... Ар бир өлкөдө кызык адамдар толтура жана алар өз “кызыктарын” өз маалы келгенде гана көрсөтүшөт. Биздеги “кызыктар” көбүнчө өз өнөрлөрүн “шайлоого” аз калганда жана шайлоо учурунда көрсөтүшөт. Ага чейин бирөөсү “уялчаак”, бири “элита” дагы бири мурунку ажонун тарбиясына “өтө” ыраазы болуп, анын тарбиясы “дары болгонун ” айтып шерденип, ал камалып кетсе “ал акмак ушуну көрмөк”- деп, айтор ызы-чуу... Анан да күн-түнү уйксусу бузулуп, элин ойлогонун айтса, көзүңө жаш келгенин айт. Айтор колунда калем сабы бар жазмакерлер Кыргыз куудулдарына жазып жеткире турган көп нерселер алдыда.

Сталбек Абдраев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости