www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөдө жалгыздык менен оору улуу майтарылбас адамдарды да жолдон чыгарат. Бул экөө тең жан дүйнөдө жабышып кайра келгис зил жаратып бийликтемин деген кекирейгендерди жер менен жер кылып, коркунучтарды жаратат. Иосиф Сталин деле андан кем калбаган. Сталинде көптөгөн дарттар болгон: зигодактилия (жин-шайтандардын оорусу), Шизофрениянын агрессивдүү формасы - Паранойя, ревматизм, чечек, туберкулез, эки жолу инсульт алган, сол колу катып кыймылдабай калган.

Зигодактилия (жин-шайтандардын оорусу)

Ачык айтканда зигодактилия Иосиф Виссарионовичтин тубаса бала кезден оорусу болгон. Кыргызча айтканда анын сол колунун ортону менен аты жогу желмогуздукундай болуп өсүп кеткен. Мистика мындан «жин-шайтандын белгисин» көрүп, динге ишенгендер Сталинди эң коркунучтуу азезилге салыштырган. Кызыгы, мындай оору миллиарддан бир болсо да адамзатта кездешип, аялдарга салыштырмалуу эркектерде көбүрөөк кездешет экен.

Шизофрениянын агрессивдүү формасы -  Паранойя

Психикалык жактан бузулгандыктын башкы кадамы катары «чоң террорду», кулакташтырууну жана башка адамдардын кыйналып өлгөнүнө карабай болгон СССРдеги оор кырдаалдарды атаса болот. 1927-жылы эле профессор Владимир Бехтерев Сталинди медициналык иликтөөдөн кийин байкабай анын оорусунун диагностикасын ачык айтып салган. Эми анын көрбөгөн күнү калган жок деңизчи, бирок анын айтуусунда, Сталин шизофрениянын агрессивдүү формасы болгон эң оор паранойя менен ооруган. Сталин уйкусуздуктан улам дарыгерлерге кайрылып турган, бирок эч бир дарыгер анын оорусун ачык айта алган эмес. Анткени ачыгын айтып салган Бехтерев өз өмүрү менен кош айтышкан, ал Сталинге чындыкты айтар менен үч күндөн соң күм-жам болгон. Официалдуу версия боюнча консервадан ууланды дешкени менен аны өлтүрүп коюшкан. 

Ревматизм

Иосиф Виссарионовичте эң коркунучтуу дарт ревматоидикалык полиатрит ден-соолугуна зыян келтирип, ошондон улам ал абдан жумшак териден өзгөчө өтүк кийип жүрчү. Анын буттары ревматоидикалык полиатриттен улам катуу ооруй турган. 

Чечек

Жети жашында эле балакай Сосо чечек менен ооруган. Чечек оорусуна вакцина алып жатканыбыздан азыр коркунучсуз, ал кезде бул оору далайларды жалмап, жалмабагандарга из салып кетчү. Ошондуктан Сосонун бети-башы ириңдеп, жүзүнө да коркунучтуу тытык сыяктуу тиликтерди (шрам) салып кеткен. Кылмышкерлердин тизмесинде турганда анын бул белгилери таанымал кылып турчу. 

Туберкулез

Сталин революцияга чейин эле бул оору менен ооруп келген. 1926-жылдан баштап бул оору азая баштайт. 1921-жылы Иосиф Виссарионович Кавказдын эң кооз жерлери: Мацеста, Нальчик, Гагры, Ессентукиде мезгил-мезгили менен эс алып турат. Бул жерде ал ысык булактарга киринип, өзүнүн партиялаш шакирттери менен бир дасторкондо «ишембиликтерди» тост айтып өткөрүп турган. 1935-жылдан баштап мурунку ревматизминен улам Сталинге сууга түшкөнгө болбой калат.

150 күн эмгек өргүүгө чыккан

Ал сууга түшпөй калганы менен  эмгек өргүүсүнө ар дайым жана узакка чыга турган. Факты менен айтканда 1951-жылы 10-августта эмгек өргүүсүнө чыгып, 22-декабрда эмгек өргүүдөн кайтып келген. Канчалык оорулуу болсо да Иосиф Виссарионович сүйгөн трубкасы менен тамеки чегүүнү унуткан эмес, ал өлөрүнө бир-аз калганда гана тамеки тартканды таштап, буга абдан сыймыктанган.

Эки жолу инсульт алган

Жол башчы биринчи ирет инсультту согуштан кийин 1945-жылы 10-октябрда алган. Ал согуш убагында төрт жыл боюу суткасына он беш саат боюу тынбай иштеген, ал эмес тамактанууга да чолоосу тийген эмес. Сталин ушул 1945-жылдын кышы-күзүндөгү инсульттан алган алсыздыгынан улам ал эмес мамлекеттин жол башчылыгынан кетүүгө чейин аракет кылган дешет. 
Иосиф Виссарионович 1949-жылдын октябрында экинчи ирет инсульт алган.  Бул инсульт өзгөчө оор болгон, анткени генсектин ден-соолугуна ушунча оор болгондуктан, ал тилден калып бир топко чейин сүйлөөгө кудурети келбей калган. Ошондон улам Сталин иштен акырындык менен алыстап көпчүлүк убактысын Кремлге караганда Москванын четиндеги дачасында өткөргөн. Анын айланасындагы чөйрөдө Иосиф Виссарионович «дачник» деген наам алган.

Сол колу катып кыймылдабай калган

Официалдуу версиялар боюнча Сосо кичинекей кезинде эле фаэтондун алдында калып, колу шишип ириңдеп, чирий баштаган. Анын жыйынтыгында сол колу катып кыймылдабай калган. Өмүр боюу жол башчы өзүнүн бул жаракатын жашыруу үчүн көп далалат кылган – ал сол колу менен трубканы кармаган же болбосо сол колуна ручканы кармап, столдун үстүндө жазып жаткан киши өңдөнүп сүрөткө түшкөн. Басып баратканда сол колу денесине чып жабышып жүрө турган, сол колу оң колуна караганда итапкан кыска эле. Жаракат жаракат менен, кээ бир сүрөттөрүндө Сталин сол колу менен мылтык атып жаткандары бар, ал эмес сол колуна баланы көтөрүп алып түшкөн сүрөттөрү бар. Кантип чыдады экен, чиркин!

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости