www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө илбирстин 3 терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Такталгандай, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4 500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам кармалды.

Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси ("Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу") кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости