www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда ЛГБТга каршы күрөшүү максатында мектеп окуучуларынын байпактарынын узундугу текшерилген учур иликтенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Ташкенттин Мирабад районундагы №110 мектепте болгон.

Министрликтин басма сөз кызматы билим берүү мекемелерине мындай буйрук берилбегенин белгиледи.

Буга чейин өлкөнүн юстиция министринин кеңешчиси Шахноза Соатова өзүнүн Telegram-каналына уулу билим алган мектепте окуучулардын байпактарынын узундугу өлчөнүп, кыска байпак менен келгендерди сүрөткө тартып алып жатышканын жазган. Анын айтымында, мугалимдер мындай аракетин ЛГБТга каршы күрөш болгондугун түшүндүрүшкөн.

«Мектептерде сабактын ордуна ЛГБТны ашыкча эске сала турган темалар айтылып калганбы? Биз антипропаганданы сандырактыкка жеткирип жатабыз. Жок дегенде бул тема жөнүндө мектептерде сөз кылбагылачы. Мен бул аракетти ЛГБТны пропагандалоо катары баалайм, кара пиар да пиар болуп эсептелет», — деп жазган Соатова.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин окуя социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости