www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сталиндин чөбөрөсү үй-жайсыз калды

Иосиф Сталиндин чөбөрөсү Селим Бенсаад чындап эле үйсүз калды, деп билдирет анын пресс-атташеси Вадим Горжанкин 360 телеканалына берген интервьюсунда. Анын айтымында, Селимдин атасы, алжирдик Хосин Бенсаад Москвадагы батирдин кулпусун алмаштыргандан кийин, Селим көчөдөгү унаасында түнөөгө аргасыз. Горжанкин болуп жаткан окуяны Сталиндин чөбөрөсүнүн өмүрүнө кол салуу аракети деп атады.

Пресс-атташе үй-бүлөдөгү чыр-чатак - Селим Бенсаад менен жазуучу Лана Паршина жазган китеп чыккандан кийин күчөгөнүн айтат. «Лана менен Селим биргеликте даярдаган китеп жакында жарык көргөндөн кийин абал абдан курчуп кетти», - деди Горжанкин.

Ал, ошондой эле, үй-бүлөдөгү чыр Бенсааддардын батиринин ээлигине байланыштуу экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости