www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан тажик студенттерин өлкөдөн чыгарбай жатат.

"Чек арачылар бизди өткөрбөй, "Кыргызстандын бийлиги силердин коопсуздугуңарга кепилдик бергенде гана өлкөдөн чыгарабыз" деп жатышат. Азыр Тажикстандан чыгууга уруксат берилишин күтүп турган студенттер өтө көп", — деди кыргыз ЖОЖдорунун биринде окуган Файзиддин Бобоев аттуу студент.

Анын айтымында, Кыргызстандагы окуу жайлар аларга чек ара ачылганы жана сабактарга келиши керектиги тууралуу каттарды жөнөтүшкөн.

Өткөн жумада Кыргызстандын Чек ара кызматы май айынан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнүн билдирген. Ага ылайык, этникалык кыргыздар, кыргыз жарандарынын Тажикстандын жарандыгына ээ эрезеге жете элек балдары, Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуган же иштеген тажик жарандыгы бар студенттер менен окутуучулар өлкө аймагына кире алышат. Ошол эле маалда алардын кыргыз-тажик чек арасындагы "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордөбө" жана "Карамык" бекеттери аркылуу гана өтүүсүнө уруксат берилет.

21-октябрда Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилген. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазган.

Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган тажикстандык студенттердин маселеси 29-майда кыргыз тарап чек араны бир тараптуу жапкандан кийин башталган. Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Чек ара жабылгандан кийин тажик студенттери окууларын улантуу үчүн Кыргызстанга кире албай калышкан. Алардын көбү Тажикстандагы окуу жайларга которулса, айрымдары түрдүү себептерден улам мекенинде окуусун уланта алышкан эмес.

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы ЖОЖдордо 1932 тажикстандык студент билим алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости