www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол боюнча Бишкектин боз балдар боюнча курамы Түркиядагы Istanbul Cup 2017 эл аралык турнирине катышмакчы. Делегациянын жетекчиси Мейирхан Аманбековдун билдиргенине караганда, турнир Стамбул шаарында 1-4-июнь күндөрү өтөт. Ага Болгариядан, Македониядан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Түркиядан 8 команда катышат.

“Кыргызстандан машыктыруучу Келкел Анарбековдун жетечилиги астында Бишкек шаарынын курама командасы барат. Командада СДЮШОРСИнин, «Дордойдун» оюнчулары жана Мектеп лигасынын катышуучулары бар”, - дейт М.Аманбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости