www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 10-июлда чыгарган чечими менен Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары элге ачылары жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыкты.
Мамлекеттик кеңеш 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-Софияны мечиттен музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарганын жана мындан кийин Айя-София имараты Фатих Султан Мехмет Хан фондуна таандык болгонун кабарлады.
1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Ошондой эле мурдагы чиркөөнүн төрт тарабына төрт мунара тургузулган. Осмон империясынын тушунда дээрлик беш кылым бою Айя-София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган.
Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган.
Христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып калган бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын бул архитектуралык эстеликти көрүш үчүн миллиондогон туристтер Стамбулга келишет. Шаар жетекчилигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы эле бул жайга 3,7 миллион зыяратчы келген.
Булак: NazarNews.kg