www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандагы кырдаал тез өзгөргөндүгүнө байланыштуу ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась билдирүү жасаганын уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, "Талибан"* кыймылынын өлкөнү басып кирип, Афганистан аймагынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлгө алышы жана бийликтин алмашуусу Борбор Азия аймагындагы абалга олуттуу таасир этип, тынчсызданууну жаратат.
"ЖККУ тажик-афган чек арасындагы кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө кылдаттык менен көз салып жатат. Уюмдун башкы максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Уюм ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыкты мурдагыдай эле саясий-дипломатиялык каражаттарга берет", — деди Зась.
Башкы катчы эгер абал оорлошуп, Тажикстандын коопсуздугуна коркунуч туулса, союздаш мамлекетке жардам берүү үчүн чаралар көрүлөрүн белгилеген.
"Бүгүн Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана коргоо министри менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Азыркы тапта алардын күч түзүмдөрү чек арадагы абалды толугу менен көзөмөлдөп жатат. Мындан улам азыр ЖККУнун механизмдерин ал жакка тартуунун кажети жок", — деген ал.
ЖККУнун коллективдик күчтөрүнүн машыгууларына даярдык көрүлө баштаганы айтылды. Ал жакынкы айларда тажик-афган чек арасында өтөт.
Эскерте кетсек, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.
*"Талибан" — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Булак: NazarNews.kg