www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстанга "качкын" макамын сурап кайрылгандар боло элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши мүмкүн.
"Ооганстанда кырдаал курчугандан бери бизге "качкын" макамын сурап кайрылгандан боло элек. Бирок бизге да качкындар өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар. Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурун кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда".
Мамбетованын айтуусунда, башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат.
Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө.
16-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр экенин билдирген.
Соңку маалыматтарга ылайык талибдер ооган баш калаасы Кабул толугу менен көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммед Наим "Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Кабулдагы президенттик сарайдан "Ооганстанда согуш бүттү" деп жарыялады. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.
Булак: NazarNews.kg