www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ар бир адам, өзү жашап жаткан мамлекетинин тарыхын анын саясый түзүлүшүн, мыйзамдарын, түпкүлүктүү элдин тарыхын, каада-салтын, маданиятын, тилин, динин билүүгө жана урматтоого милдеттүү» А. Бекназаров: «Мен кыргызмын китебинен»

Биринчи Бөлүм

БУЛАРДЫ АР БИР КЫРГЫЗ БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ

5 миң жылдык тарыхы бар, чыгышы азыркы Монголиянын батышынан тартып, батышы Урал тоолоруна, түштүгү Тибет, Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Памир тоолоруна жана азыркы Кытайдын Синьзянь-Уйгур аймагына чейин созулган бүткүл Сибирди, Борбор Азияны камтыган кыргыз талаасы деген мейкиндикте көчүп-конуп жашап келген көчмөн-жоокер кыргыз эли, азыркы заманбап Кыргыз Республикасы деген көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүн жарыялаганына, быйыл 2021-жылдын 31-августунда 30 жыл болот. Ошондогу төрөлгөн кыргыздар 30 жашка, ошондогу 30 жаштагылар 60 ка чыгышты. Башкасын айтпаганда да жок дегенде 30 жылдык эгемен доорубуздун ар бир кыргыз билүүгө милдетүү болгон мамлекетибизге, улутубузга анын тарыхына, жерине, келечегине байланыштуу нерселерди, бүгүнкү кыргыздар өзүбүз толук билебизби? Күмөнүм бар. Анткени аларды текши билгидей кылып, көзкарандысыз улуттук-мекенчилдик идеология саясатын, эгемен бийлигибиз 30 жыл ичинде жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүүнү, окутууну колго ала элек. Ал түгүл, көзкарандысыздык күнүн да эгемендүүлүктүн күнү деп, адашып майрамдап жүрөбүз. Мени айтты, айтпады дебегиле, быйыл да Бишкектин көчөлөрүндө, теле-радиолордо: «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен»- деген куттуктоо, көрнөк-жарнактары илинет, айтылат. Өзүбүз болсо, ата- бабалардын басып өткөн жолу камтылган санжыра, илимий тарых китептерин окубай, көчө деңгээлиндеги нерселерге алаксып, телефон-сотка карап, ашкере саясатташып, ааламдашып же дабатташып баратабыз.

Көзкарандысыздыктын 30 жылдык доорундагы ар бир кыргыз билүүгө милдеттүү тарыхый окуяларды, эске салаардан мурда, окурманды андан мурдагы кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доорго чейинки тарыхынын жана эгемен дооруна чейинки 130-140 жылдык орус, «киргиз» доорунун айрым тарыхый фактыларына чегинүүгө чакырбасам, көп нерсе 30 жашка чыгышкан жаңы кыргыздарга түшүнүксүз болгону турат. Себеби бул доордун тарыхын тарыхчыларыбыз орус жытынан толук тазалап бүтүшө элек. Анда кеттик…

  1. Орус, «киргиз» дооруна чейинки кыргыздардын тарыхынан учкай сөз

Кыргыздын теги ким? Кимден тараган деген суроолорго Манас эпосундагы Манасты «түпкү атасы Огуз хан» - деп сүрөттөлүшү менен жооп берип, азыр өздөрүн ошол Огуз хандан таркаган элдер катары эсептешкен батышы Венгриядан тартып, чыгышы Алтайга чейин созулган аймактардагы ондогон түрктилдүү өлкөлөрдө жүздөгөн ар кандай аталыштагы элдер жашаары менен жооп бергим келет. Жогоруда кыргыздын 5 миң жылдык тарыхы бар дебедикпи? Ошол оома-төкмө жоокерчилик замандарда Огуз хандын тукумдарынан болгон кыргыздардын: «Бирөө тентип Алайга, Бирөө кетти Кангайга, Бирөө тентип Эренге, Бирөө кетти Оролго…Бирөө түшүп кетти тереңге, Кен Кашкардын ар жагы, Кебез тоонун бер жагы, Бирөө ошол жерди жай кылды…» - деп чачыраганы жөнүндө да Манаста айтылат. Ошол мезгилдердеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгү, анын аймагы, башкаруу жана мыйзам системасы, сот, армиясы болгонбу? Ооба болгон. Аны да Манас эпосу, Энесай, Байкөл, Алтай аймактарындагы таштагы жазуулар, ондогон илимий тарыхый эмгектер тастыктап турат. Мамлекеттүүлүгү ошол замандарга ылайык, туруктуу эмес, мезгилдүү болсо да, конкреттүү аймактарды ээлеген уруулардан түзүлгөн. Кыргыз уруулары бирдей тилде сүйлөгөн жана жамандык, жакшылыкта бирге туруп, бирдей адатты, каада-салтты, динди карманган. Жалпы кыргыздын башчысы: - ажо, улуу каган, хан деп аталып, алар ар кайсы аймактардагы уруулардын өкүлдөрү тарабынан, мезгил- мезгили менен улуу курултайда шайланып турган. Мамлекеттик түзүлүшү азыркы конфедерация түзүлүшүнө окшош болгон. Байыркы кыргыздардын аймагы жогоруда айтылган кыргыз талаасы деген мейкиндиктерге созулуп, бирде көбөйүп, бирде азайып турган. Кыргыздар уруу-уруу болуп жашаганы менен, саруу-кыргыз, саяк-кыргыз, солто-кыргыз, тейит кыргыз ж.б. болуп эч качан бөлүнбөгөн. Аксылык кыргыз, Алтайлык кыргыз, Алайлык кыргыз, Памирлик кыргыз, Тибеттик кыргыз, Кызыл-Суулук кыргыз, Анжияндык кыргыз, Эне-Сайлык кыргыз, Теңир-Тоолук кыргыз, Ала-Тоолук кыргыз, Таластык кыргыз ж.б. деп жердеген жерине жараша айтылган. Урууну уруудан чыккан акылман баатыр же манап башкарган. Согуш учурунда да оң канат, сол канат жана ичкилик деп уруулар өз туулары менен армияга тизилген. Жалпы армияны бүтүндөй ат мингенге, кылыч чапканга, жаа атканга жарактуу кыргыз эли түзгөн. Согуш болсо жоокер, тынчтык мезгилде дыйкан, малчы, аңчы, саанчы уста, ырчы ж.б. болушкан. Ошон үчүн кыргыздар – көчмөн - жоокер элдин тукумдары деп эсептелет. Мыйзамдын ролун жалпы кыргыз бирдей колдонгон адат аткарган. Адаттар жалпы улуттук курултайда өзгөрүлүп, такталып, иреетке келтирилип турган. Адаттарды ирээтке келтирүү максатында жалпы кыргыздардын курултайы азыркы Ысык-Ата районунун аймагында 17-кылымдын аягында өткөрүлгөнү боюнча тарыхта маалымат бар. Кыргыздын ынтымагын, биримдигин улуттук идеологиянын ролун аткарган каада-салттар бекемдеп турган. Адатты, каада-салтты бузгандар, негизинен айыпка, адам өлтүрсө кун төлөөгө жазаланышкан. Айрым кылмыштар үчүн, элден, журттан чыгарылган, айдалган. Кийинчерек исламдын кириши менен шарияттын айрым эрежелери жарандык, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды, чыр чатактарды чечүүдө колдонулган. Соттун ролун эл тарабынан шайланышкан бийлер, казылар аткарган. Жер, суу, жайыттар менчикке берилген эмес, жалпы уруунуку болгон. Негизги мал да уруунуку, ортодо болгон. Ушундай мамлекеттүүлүктүн белгилери кыргыздарда Орус Империясы аны толук басып алган 1890-жылдарга чейин сакталган.

2. Орусташтыруу же «киргиздештирүү» доору (18-19 к.к.)

Негизинен бул доордо Орус Империясы, Улуу Британия жана Кытайдын геосаясый кызыкчылыктары, Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Борбордук Азия чөлкөмдөрүндө тогошуп, кыргыздар жашаган кыргыз талаасы бул үч өлкөнүн геосаясый «Чоң Оюнунун» чордонуна айланган. Бул «Чоң Оюнда» кыргыз талаасы негизинен Орус империясынын карамагында калып, Оруссиянын чыгыш, түштүк чек арасын кеңейтүүнүн кесепетинде, мурда бул мейкиндикте нечен кылым ээн, эркин көчмөндүк турмуш өткөрүп, кээде жеңилүүнүн ызасын, кээде улуу жеңишти аркалап, чоң-чоң каганатты, Улуу дөөлөттү түзө алган кыргыздардын өз ара байланышы биротоло үзүлгөн. Алгачкылардан болуп, Сибир, Эне-Сай, Саян, Алтай аймактарындагы кыргыздар христиан динине өткөрүлүп, Орус империясы түзгөн администрадивдик бирдиктерге, бөлүнүп жашоого аргасыз болушат. Тибеттик, Ак-Суулук, Кызыл-Суулук, Үч-Турпандык кыргыздар азыркы Кытай Эл Республикасынын карамагында калса, Памирлик кыргыздардын бир бөлүгү азыркы Афганистандын карамагында калышат. Ал эми Борбордук Азиядагы азыркы постсоветтик Республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагын Орус империясы 1855–1881-жылдар аралыгында толук басып алганга жетишкен. 1867-жылы борбору Ташкен шаары болгон Түркстан генерал-губерниясы түзүлгөн. Анын башчылыгына «жарым-падыша» аталган аскер генералы К.П. фон-Кауфман дайындалган. Бирок 1867-жылы кыргыздардын көпчүлүгү жашаган Кокон хандыгы Орустарга баш ийбеген. Ал 1876-жылы басылып алынып, анын ордуна Фергана областы түзүлгөн. Орус империясына каратылган Борбордук Азиядагы кыргыздар, Орус империясынын колониялдык саясатынын талаптарына ылайык Түркстан губерниясына баш ийген Фергана областына:-азыркы Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондору Наманган уездинин курамында: Анжиян уездинин курамында:- азыркы Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Озгон, Кара-Кулжа райондору:, Маргалан уездинин курамында,- азыркы Баткен районунун айрым жерлери, Ноокат районунун батыш бөлүгү:, Кокон уездинин курамында;- азыркы Кадамжай району, Баткен районун айрым жерлери, Чон-Алай аймагы, каратегиндик кыргыздар:, Ош уездинин курамында:- Кара-Суу району, Алай району, Араван району, Ноокат районунун чыгыш бөлүгү, Куршаб аймагы кирген. Ал эми Кожент уездинин курамында: - азыркы Лейлек району, Сүлүктү чөлкөмдөрү, Жизак, Сыр дарыя кыргыздары Самарканд областына каратылган. Олуя-Ата уездинин курамында (Азыркы Казахстандын Жамбыл областы) азыркы Талас областы толугу менен Сыр-Дарыя областында калган. Азыркы Чуй областы Суусамыр жайлоосу менен бирге Пишпек уездинин курамында, азыркы Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймактары толугу менен Каракол уездинин курамында, борбору азыркы Алматы шаары болгон (Верный) Жети-Суу областына баш ийдирилген. Ошентип кыргыздын жерин эле басып албай, кыргызды толук орусташтыруу максатында, байыркы Александр Македонский, кийин Англиянын колониялдык саясатынын негизги принциби болгон «бөлүп сал да, бийлей бер» принциби Орус колонизаторлору тарабынан кыргыздарга карата атайын колдонулган. Борбордук Азияда жашаган кыргыздар, жогоруда көрсөтүлгөндөй Түркстан губерниясынын төрт областына чачыратып бөлүнгөн. Орусташтыруу же кыргызды «киргизге» айлантуу саясаты ар кандай ыкма, идеология менен СССР ыдыраган 1991-жылдын август айына чейин жүргүзүлүп келди. Бул мезгилдерде кыргыздын өзү эле «киргиз» атка конбой, каада-салттары бузулуп, жер-сууларынын аттары, тарыхы, башкаруу системасы да орусташтырылды. Адаттарыбыз орустун мыйзам, жоболору менен алмаштырылды. Уруулук башкаруу системасы, уездик, болуштук башкаруу системасына алмаштырылган. Буга чыдабаган айрым аймактардын кыргыздары убагында көтөрүлүшкө чыгышкан. Буга мисал катары, 1898- жылкы Анжиян кыргыздарынын жана 1916-жылкы башында Канат Ыбыке уулу (Канат хан) турган түндүк кыргыздарынын көтөрүлүшүн атасак жетиштүү болот. 1916-жылкы Үркүн деген ат менен белгилүү көтөрүлүштө Орус империясынын жиберген армиясы кыргызды тукумкурут кылып жок кылууну көздөшкөн. Үркүндөгү кыргындын кесепетинен кыргыздардын саны орто эсеп менен 200 минге азайган. Бирок бул арам максаттары Орус империясынын өзүнүн 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясы тарабынан кулатылышы менен ишке ашкан эмес. Кокон хандыгынын ордосунда, Орус падышачылыгынын колониялдык саясатында, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, хан ордого, Орус баскынчыларына кайсы бир деңгээлде каршылык көрсөтүшүп таасир этип турушкан, өзгөчө баатырлыгы, акылмандыгы менен эл оозунда, тарыхта калган инсандардын айрымдарын белгилей кетели. Алар: Нүсүп-бий, Алымбек датка, Алымкул аталык, Жаркынайым-ханайым, Курманжан датка, Абдылдабек, Полат хан, Боронбай- бий, Ормон хан, Балбай баатыр, Канат хан, ж.б.болушкан.

3.Орус же киргиз доорунун совет мезгили (1917-1991- ж.ж.)

Ушул доордо бийликте турушкан СССРдин Коммунисттик Партиясы кыргыздарды 1916-жылкы тукумкуруттан эле сактап калбай, азыркы Кыргыз Республикасынын аймагынын алкагында, кыргыздарга заманбап кеңеш (совет) формасындагы улуттук мамлекеттүүлүгүн да түзүп беришкен. Кыргыздар 1924-жылы Россиянын курамындагы автономиялык область, 1927-ж. Автономиялык Республика, 1936-жылы СССР дин курамындагы Союздук Республика - Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. Совет доорунда, кыргыздар улуттук принциптер менен өз мамлекеттүүлүгүн эле түзбөй, советтик идеологиянын чектеринде болсо да өзүнүн каада-салттарын, маданиятын, тарыхын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргыздар жалпы дүйнөлүк адамзатынын маданиятына Манастай теңдеши жок эпосту, теңдеши жок алп манасчы гений Саякбайды, алп жазуучу Чыңгызды кошту. Кыргыз эли 70 жылдык совет доорунда, ЮНЕСКО нун маалыматына ылайык билимдүү деп эсептелген алдынкы 20 элдин катарына кирди. А.Осмонов, Б. Бейшеналиев, Б.Миңжылкыев, С.Чокморов, Т.Касымбеков Б.Шамшиев, Т.Океев сыяктуу ондогон искуство, маданият, ишмерлери, акын жазуучулар чыкты. Кыргыздардын саны бул мезгил ичинде, болжолдуу 700 минден 3,5 миллионго, Кыргызстандын жалпы калкынын саны 4,34 миллиондон ашкан. Совет доорунда кыргыздын улуттук мамлекеттүүлүгүн, улуттук маданиятын түптөөгө өзгөчө салым кошушкан: А. Орозбеков, А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, К. Тыныстанов, И. Арабаев, И. Разаков, сыяктуу тарыхый инсандарды биле журүү азыркы жаңы кыргыздардын милдети. Курамында Кыргыз ССРиндей 15 союздук республикалардан түзүлгөн, бирдиктүү совет эли бар, дуйнөдөгү эң чоң өлкө-СССРди ыдыратуу боюнча саясат, СССРдин эң башкы кызматына М.Горбачев келген 1985–1991-жылдары «СССРди кайра куруу» деген ураан менен жүргүзүлдү. Анын тушундагы СССР Жогорку Советинин курултайында (1989–1990-жылдары) СССРди суверендүү эркин Республикалардын Союзу кылып, кайра куруу маселелери эң жогорку деңгээлде ачык көтөрүлө баштайт. Бирок аны Москванын чечимин күтпөй эле алгач Прибалтика Республикаларынын парламенттери ишке ашырат. Мисалы 1990-жылдын 11-мартында Литва ССРинин парламенти Литванын толук эгеменлүүлүгү жөнүндөгү Декларацияны кабыл алышкан. Россия Федерациясынын парламенти 1990-жылдын 12-июнунда, Россияны СССРдин курамындагы Суверендүү өлкө деп жарыялаган. Кыргызстандын парламенти болсо эң акыркылардан болуп, СССРдин курамындагы суверендүү өлкө катары өз Декларациясын 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алган. Суверендүүлүк парады ар бир Республикаларда өздөрүнүн президенттерин шайлоо менен коштолуп турган. Кыргызстандын 1-президенти болуп, А.Акаев 1990-жылдын 27-октябрында парламент тарабынан шайланган. Ар бир Республика Эгемендүүлүгүн жарыялап, президенттүү болгон соң, СССРди кайра куруу маселеси экинчи планда калып, Эгемендүү Республикалардын президенттери жана аларды колдошкон «демократтар» эми толук көз карандысыз өлкөлөргө айланууну көздөшкөн. Мисалы Прибалтика республикалары жана Грузия СССРди кайра куруудан дароо эле баш тартышкан. Калган Республикалар тарыхта ПУТЧ же ГКЧП деген ат менен калган 1991-жылдын 19–21-августарында Москвада болгон окуянын шылтоосу менен СССРди кайра куруу иштерин биротоло токтотууга аргасыз болушат. Алар эми анын ичинде Кыргызстан да, өздөрүн көзкарандысыз, өлкө деп жарыялоого мажбур болушкан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети ошондой Декларацияны, 1991-жылдын 31-августунда кабыл алган жана ушул күн - Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын күнү - улуттук майрам күн - болуп бекитилген. Мамлекеттик көзкарандысыздыгыбыз кыргызга түбөлүк буйрусун! 1991-жылдын 8-декабрында, Россиянын, Украинанын, Белоруссиянын же үч славян элдеринин президенттери Белоруссияда Беловожский пуща деген жерде жолугушуп, көзкарандысыз үч славян Республикаларын жаңы шериктештигин жарыялашкан. Журтта калган күчүктөй болушкан айрым Республикалардын президенттери 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында ушул келишимге кошулууга аргасыз болушуп, СССРдин ордуна Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги- КМШ (СНГ)-түзүү жөнүндөгү Декларация кабыл алышкан. Ушул келишим, дүйнөдөгү бей-бечара, эмгекчи элдин мамлекети деп эсептелип 70 жыл жашаган, СССРдин расмий жоюлушун, анын ордуна 15 көзкарандысыз өлкөлөрдүн пайда болушун, де-юре жана де-факто тастыктаган эл аралык тарыхый документ болгон. Ошентип СССРди суверендүү өлкөлөрдүн союзу катары кайра куруу долбоору ишке ашпай, СССР биротоло жок болгон күн 1991-жылдын 21-декабры! КМШны түзүү келишимине Прибалтика республикалары жана Грузия башынан эле кол коюдан баш тартышкан СССРди жок кылуу саясатынын баары Москвада, СССРди түзгөн жана 70 жыл аны башкарып келген Коммунисттик партиянын төбөлдөрүнүн чыккынчылыгы менен жол берилип ишке ашырылган. Кыргыз эли, башка совет элдери да СССРди жок кылып, анын ордуна өздөрүнүн толук көзкарандысыз мамлекетин куруу үчүн, саясый күрөшкө чыккан эмес. Тескерисинче, 1991-жылдын 17-мартында СССРди сактап калуу боюнча өткөрүлгөн бүткүл союздук референдумга жалпы советтик элдин 79,9 пайызы катышып, 74,43 пайызы СССРдин сакталышын колдогон. Ал эми Кыргызстандын жалпы элинин 92,8 пайызы катышып анын 94,6 пайызы СССРдин сакталышын колдоп добуш берген. Бирок кыргыз элинин саясый күрөшсүз өзүнүн көзкарандысыз эгемендүү мамлекеттүүлүгүнө ээ болушу, 1916-жылкы тукумкуруттан кыргызды 1917-жылкы Октябрь Революциясы сактап калгандай эле, кыргызга асмандан жараткан жалгыздан түшкөн баасы жок ырыскы, байлык, дөөлөт десек туура болот. Кыргыздан саны көп нечендеген элдер, өз мекени жок же ага ээ боло албай ар кайсы өлкөлөрдө зар какшап жүрүшөт. Жараткан жалгыз бир кылым ичинде кыргызга эки жолу, боору ооруду, биринчисинде тукумкуруттан сактаса, экинчисинде кыргызга өз үйүн өзү каалагандай кайра курууга, алдыга заманбап өнугүүгө жол ачып берди. Эмки сөз эгемендиктин 30 жылында кыргыз эли өз үйүн кандай курду жана курганы жатат, ошол тууралуу болсун!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости