www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы талибдердин бийликке келиши Орто Азия үчүн коркунучтуу. Мындай пикирин илимий кызматкер Амангелди Сабыров билдирди.

Ага кошумча, “Болуп жаткан окуяларга тынчсыздануунун зарылчылыгы барбы? Албетте, бар. Анткени, 21-кылымда дүйнө жүзүндө эки философиялык парадигма күрөш жүргүзүп келе жатат. Тактап айтканда, биринчиси – модернизм; экинчиси – традиционализм («салттуулук»; кеңири мааниде) сыяктуу көз караштар. Модернизм – демократиялык башкаруу системасы, светтик билим берүү, эркиндик, гендерлик тең укуктуулук сыяктуу ж.б. биз азыркы учурда пайдаланып жаткан системалар, ал эми традиционализм (талибдердин түшүнүгүндө) – мамлекетти башкаруу ислам баалуулуктарына, билим берүү жана илим тармагында, юридикалык укуктук мейкиндикте Куранга жана шариатка негизделген нормаларды бекем орнотуу болуп саналат. Алар Ооганстанга батыштан келген демократиялык баалуулуктарды сүрүп чыгарып, шарияттын негизинде бийлик жүргүзөт деген кеп.

Эми ооган эли кайсы системаны тандасы өз эрки, биз өзүбүздүн арабабызды тартпайбызбы?, - деп ойлонушуңуздар мүмкүн. Бирок, Кытай, Индия, Россия, АКШ сыяктуу чоң державалардын геополитикалык саясатынын курмандыгы болуп калбайбызбы?,- деген суроо туулат. Анткени, М.Саакашвили: «талибдердин күрөшү Орто Азияга багытталарын» айтып, кулак кагыш кылганын белгиледи.

Орто Азияда күрөшүн баштаса, Кыргызстандагы элдин жашоо шарты күндөн күнгө начарлап, жакырчылык каптап, билимсиздик өкүм сүрүп турган мезгилде демократиялык баалуулуктарга ишеним азайып, шайлоо өнөктүгүнө, батыштын билим берүү жана илим системасына, деги эле бийликтин адилеттүүлүгүнө нааразы болгон элдер – исламдык баалуулуктар, шариатты эңсеп чыкпайбы?,- деген тынчсыздануу пайда болот. Болбосо, партиялык жана президенттик акыркы шайлоолордо ислам баалуулуктарын партиянын идеологиясына айланткан азаматтарды баарыбыз көрдүк, күбө болдук. Айрыкча, карапайым калктын арасында түшүнүп-түшүнбөй эле салттуу коомду (диний мааниде) эңсегендер аз эмес. Тынчсызданууга негиз бар, биртуугандар”, - дейт Амангелди Сабыров.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр экендигин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, – деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости