www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи баардык виза миграция кызматы менен УКМКнын талдоосунан өткөн соң берилет. Ошондуктан, башкы чекист "баары бир биз карап чыгабыз да" деп туруп билдирүү берип койду окшойт. Бул тууралуу пикирин журналист Тынчтык Алтымышев социалдык тармагына жазып чыкты.  

Ага кошумча, “Анын үстүнө эгер эртең Оогандан миңдеген качкындар келсе биз эл аралык милдеттемелерге ылайык киргизбей кое албайбыз. Арасында талиби, ИДУсу, башкасы да болушу мүмкүн. Ошол жагдайдан алып, "качкындарды жапырт кабыл алганча биз жаштарын, коркунучу азыраак кыздарын окууга деп тандап алалы, коопсуздукту алдына алганга ушундай кеткенибиз туура болот" деп сырткы чалгын кызматындагылар Камчыбек Ташиевге сунуш берген болушу керек. Маселе бул жерде, болгону, ошол жакшы сунушту укканда жайдаке мүнөздүү Камчыкебиз шашылыш билдирүү жарыялап жибергенинде”, - деп кошумчалаган Алтымышев.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр экендигин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, – деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости