www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдарды коронавирустан сактоонун жалгыз жолу аталды

Коронавируска каршы вакцинаны башында 18 жаштан жогоркулар алып келген. Акыркы айда өспүрүмдөр да акырындан ала баштады.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавирус инфекциясынан коргоо үчүн чоңдор вакцина алышы керек. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин вирусология кафедрасынын профессору Алексей Аграновский билдиргенин РИА Новости жазды.

"Өспүрүмдөр эмдөөдөн өткөнгө чейин анын айланасы, тагыраагы, чоңдор вакцина алышы керек. Балдар барган мектеп, бала бакча, спорттук секциялар менен ийримдерде бүт чоң кишилер иштейт. Бул ооруну түп-тамырынан жок кылбаса да азайта алат", — деген эксперт.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы вакцинаны башында 18 жаштан жогоркулар алып келген. Акыркы айда өспүрүмдөр да акырындан ала баштады. Маселен, Россиянын "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы балдарга колдонууга уруксат берүү үчүн июль айында препаратты сыноо башталган. Балдарга бир дозанын 10дон бир бөлүгү куюлган. Учурда жыйынтыгы күтүлүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости