www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда ишкерлер мындан ары 1 миллион долларга чейин насыя ала алышат.

Өзбекстан президенти 27-октябрда кол койгон токтомго ылайык, насыя улуттук валюта менен берилет. Насыянын Борбордук банктын базалык ставкасынан (14%) ашкан бөлүгүнүн үстөк пайыз чыгымдары ишкерлерге кайра кайтарылат. Компенсацияны Ишкерликти колдоо фонду төлөп берет.

Документте 1-ноябрдан баштап Өзбекстандын атынан ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн эл аралык каржы институттарынан жана чет өлкөлүк өкмөттүк уюмдардан алынган насыялар долбоорго катышкан каржы уюмдары тарабынан 10 жылдан кем эмес мөөнөткө кайра каржыланары да белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости