www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Узак убакыт бою стрессте жүргөн адамдын көзү тунарып, ачышып, буюмдар кош кабат болуп көрүнө башташы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде медицина илимдеринин доктору, офтальмолог Игорь Азнаурян билдирди.
«Стресс адамдын бардык органдарына кесепетин тийгизет. Анын ичинде көздүн көрүүсү дагы бар. Психологиялык жактан көп убакыт бою кыйналып жүргөн кишинин көзү ачышып, начар көрүп башташы мүмкүн. Бул чаң же ушул сыяктуу сырткы факторлордон көз каранды эмес, нерв рецепторлору начар иштей баштайт. Буга көңүл бурбай койсо, оору жүрөк-кан тамыр системасына өтүп, аягы жаман бүтүшү мүмкүн», — деди адис.
Офтальмологдун айтымында, мындай көйгөйгө кабылган адам сөзсүз адистерге кайрылышы керек. Анткени мында бир гана көзгө эмес, психологиялык жактан дагы жардам берилиши зарыл.
Мунун бардыгын алдын алыш үчүн дарыгер жан дүйнөсү кыйнала баштаган адамдарга көп басууну сунуштайт. Бир күндө бери дегенде 3-4 чакырымды жөө баскан адамда стресске кабылуу тобокелдиги азаят. Ал эми 40 жаштан өтүп калган кишилерге эч жери оорубай, жан дүйнөсү жайнап турган учурда деле кыймылды көбөйтүү зарыл экени айтылат.
Булак: NazarNews.kg