www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Студенттен опузалап пара алган кесиптик лицейдин өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 23-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну 2005-жылы туулган М.А. арыз менен кайрылган. Анда Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу М.Э. мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү максатында андан 10000 сом акча каражатын пара катары талап кылып жаткандыгын билдирген.   

 Аталган факты боюнча 2024-жылдын 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон. 

 Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы көрсөтүлгөн фактынын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында орун алган кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу 1956-жылы туулган М.Э. жана ошол эле лицейдин ага мастери 1960-жылы туулган Б.М. арыз ээсинен 10000 мин сом пара катары акча алып жаткан мезгилде кылмыш үстүндө кармалган. 

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Азыркы учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын Төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагыдай коррупциялык схемаларды аныктоого, бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иштерин улантышууда.  

Последние новости