www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиевдин камактагы бажасы кандай учурда бошотулат?

Камчыбек Ташиев камактагы бажасы качан бошотула турганын айтты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтылды.

Шектүү А.Т.О. УКМКнын тергөө абагында камакта. Комитеттин маалыматы боюнча, ал Түркиянын жараны А.С. менен өз ара тил табышып, жергиликтүү ишкердин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышканы аныкталган. Жабырлануучу тарап арыз менен УКМКга кайрылган.

А.Т.О. менен түркиялык жаран 2024- жылдын 17-июлунда кармалган.

«Бажам 3 айдан бери камакта отурат. Ал кезегинде жакшы кызматтарды ээлеген, милициянын полковниги», деген Ташиев бажасы анын атын жамынып, алдамчылык кылганын белгиледи.

Ошондой эле шектүү жабырлануучулардын акчасын кайтарып бергенден кийин мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып, андан кийин гана эркиндикке чыга турганын кошумчалады.

 

 

Последние новости