www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Юридикалык колледждин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу А.Ш. окуудан чыгарам деп коркутуп, жогоруда аталган окуу жайдын 1-курсунун студентинен акча талап кылган.

Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн А.Ш. 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган.

А.Ш. атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости