www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаиловду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоону жокко чыгарды.
Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын маалыматы боюнча ал өзү көрсөткөн жылдары КУУнун студенттеринин тизмесинде жок болгон. Анын бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча диплому, кийинчерээк юридика илимдеринин магистри даражасы да жараксыз деп табылган.
Эске салсак, УКМКнын материалдары Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 8-апрелинде келип түшкөн. Андан соң Билим берүү министрлигине өтүнүч жөнөтүшкөн. КУУнун ректораты Фархат Исмаилов диплом алган жок деп билдирген.
Эскерте кетсек, БШКнын ушундай эле чечими ЖК депутаты Фархадбек Алимжановго карата да чыкты.
Булак: NazarNews.kg