www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК депутат Фархад Алимжановду мандатынан ажыратты

Бүгүн, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фархадбек Алимжановду каттоону жокко чыгарды.

БШКнын чечими менен анын депутаттык мандатына байланыштуу чечимдер жокко чыгарылды.

БШК анын жогорку окуу жайды бүтүргөнү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын уккандан кийин ушундай бүтүмгө келди. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган.

"Комиссия 2016-жылдын 25-августундагы Алимжановдун наамына берилген диплом одоно бузуу менен берилген деген бүтүмгө келип, үчүнчү жана төртүнчү семестрдин экзамендерин, Ф.Алимжановго берилген дипломду жокко чыгарууну сунуштайт. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (АУПКР) диплому (магистратура) кайра алынып салынсын. Комиссия ошондой эле одоно мыйзам бузууларга жол берген университеттин жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Мурда маалымдалгандай, Фархадбек Алимжановдун билими төмөндөгүдөй: 2016-жылы Ош мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча, ал эми 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости