www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко жакын арада РФнын башчысы Владимир Путин менен жолугуп, "Вагнер" темасын талкуулоо ниетин билдирди.
Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык, Лукашенко "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын айланасындагы маселе да талкууланарын белгилеген, "анткени бул маселеге мамлекеттердин жетекчилери аралашкан".
Ошондой эле, Лукашенко "Вагнер" жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Беларустун аймагында эмес экенин билдирди.
Эскерте кетсек, 23-июнда "Вагнер" компаниясынын жетекчилиги тарабынан Россия Федерациясынын бийликтерине жана Коргоо министрлигинин жетекчилигине каршы куралдуу көтөрүлүш жасоо аракети болгон. 24-июнь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялыктарга кайрылып, өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасоону убада кылган.
Лукашенко Путин менен макулдашып, ошол эле күнү "Вагнердин" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тараптар Россия Федерациясынын аймагында «кандуу кыргынды» чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө бир пикирге келишип, Пригожинге Белоруссиянын территориясына кетуу укугу берилген.
Ал эми, "Вагнер" жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Беларустун аймагында эмес экенин бүгүн, 6-июлда республиканын Лукашенко маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Булак: NazarNews.kg